Жуманалиев, Тынчболот Дадыйевич
Тынчболот Дадыйевич Жуманалиев (1955) - кыргыз тарыхчысы, профессор, тарых илимдеринин доктору.
Кыскача өмүр таржымакалы
түзөтүүТынчболот Дадыйевич Жуманалиев 1955-жылы 14-июлда Кыргызстандын ордо шаары Бишкекте туулган.
1982-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин тарых факультетин аяктаган.
1988-91-жылы СССР ИАсынын Чыгыш таануу институтунун Ленинград бөлүмүндө аспирантурада окуган. Ага чейин аталган илимий жайда эки жылдык илимий стажировкада болгон. Уйгур жана чагатай жазма булактарын иликтеген.
1992-97-жылдары Бишкек гуманитардык университетинде иштеген.
2005-жылы декабрда "Теңир-Тоо көчмөндөрүнүн саясий бийлигинин эволюциясы (б.з.ч. 2-к. - б.з.12-к.)" деген темада доктордук диссертациясын коргогон.
Учурда Кыргыз Улуттук Университетинин Чыгыш таануу факультетинин деканы.
Коомдук ишмердиги
түзөтүү2012-жылдын 11-февралында "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмесинин уюштуруу жыйынына катышкан.
Эмгектеринин тизмеси
түзөтүү- История Кыргызстана с древности и до середины XVIII века. Рецензент А.М.Мокеев. - Бишкек, 2009. - 304 с. - ISBN 978-9967-25-775-7.
- Вопросы политической истории Притяньшаня в ХУ11-начале ХУ111 вв.(по данным "Тарих-и Кашгар": Автореф.дис.на соиск.учен.степ.канд.ист.наук: 07.00.02 / Нац.АН Кыргыз.Респ., 1994.
- Хрестоматия по средневековой истории Кыргызстана: XIII-XVIII вв. : учебное пособие. - Бишкек: Кыргызстан, 1996. - 232 c. - ISBN 5655010429, 9785655010420.
Интернеттеги шилтемелер
түзөтүү- http://books.google.kg/books/about/%D0%A5%D1%80%D0%B5%D1%81%D1%82%D0%BE%D0%BC%D0%B0%D1%82%D0%B8%D1%8F_%D0%BF%D0%BE_%D1%81%D1%80%D0%B5%D0%B4%D0%BD%D0%B5.html?id=Hb5WPAAACAAJ&redir_esc=y
- http://ktrk.kg/kyr/index.php?newsid=3684(жеткиликсиз шилтеме)
- http://mirror24.24.kg/community/103892-tynchbolot-dzhumanaliev-v-kyrgyzstane-net.html(жеткиликсиз шилтеме)
- http://unicat.nlb.by/opac/pls/!search.http_keyword?query=a001%3D%22BY-NLB-ar34967%22&lst_siz=20