Жумьа сүрөсү Аль-Джуму’а (араб. الجمعةЖума намазы) — Бул сүрө Мадинада түшкөн. Он бир аяттан турат.

Куран.

Кыргызча мааниси түзөтүү

Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын ысымы менен!

  1. -Аллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбех айтат. Ал – Малик, Куддус, Азиз жана Хакийм.
  2. -Ал уммий адамдар арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) элчи-пайгамбарды жиберди. Ошол

(пайгамбар) аларга Аллахтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан.

  1. -Жана (Аллах ал пайгамбарды) али аларга кошулбаган алардан башка элдергеда жиберди. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.
  2. -Бул Аллахтын каалаган пенделерине бере турган пазилети. Аллах улуу пазилет Ээси!
  3. -Тооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин анны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп

көтөргөн эшек сыяктуу. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллах заалым коомду Туура Жолго баштабайт!

  1. (Эй, Мухаммад!) Айткын: «эй, яхудийлер! Эгер силер «бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллахтын сүйгөн пенделерибиз» деп ойлосоңор, анда өлүмдү самагыла, эгер чынчыл болсоңор»
  2. (Жок,) алар жасаган (көп күнөө) иштери себептүү эч качан өлүмдү сагынышпайт. Аллах заалымдарды Билүүчү.
Муруңку сүрөө: Сафф сүрөсү Сүрө 62Арабча текст Кийиңки сүрөө: Мунафикун сүрөсү