Жунушев Каныбек - акын.

Каныбек Жунушев 1941-жылы 11-ноябрда Кочкор районундагы Кош-Дөбө айылында туулган.
1963-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун агрономдук факультетин бүтүргөн.
1963-жылы Нарын облусунун Тянь-Шань районундагы Жданов атындагы колхозго башкы агроном болуп иштөө үчүн жиберилген.
1965-жылдан «Киргизгипрозем» долбоорлоо институтунда кыртыш таануу инженери болуп иштеген,
1977-жылдан Кыргыз кыртыш таануу ИИИсинде улук илимий кызматкер,
1984-жылдан «Арашан» чыгармачылык үйүнүн директору,
1986-жылдан Кыргызстан Жазуучулар союзунун Нарын облусу боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

Ырлары 1960-жылдан баштап жарыялана баштаган. Биринчи ырлар жыйнагы «Боёкчу» деген ат менен 1964-жылы басылып,
1974-жылы «Одноместный самолёт» деген поэтикалык жыйнагы орус тилинде жарык көргөн. Акындын айрым ырлары коңшу республикалардын тилдерине жана чет тилдерге которулган.
К. Жунушев К.Чуковскийдин, Я.Акимдин, С.Михалковдун чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1979-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү.
Балдар үчүн жазылган чыгармалары Тоголок Молдо сыйлыгына татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги. Бул күндө акындын чыгармалары башталгыч класстардын окуу китептери-не киргизилип окутулуп жатат.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Кыргыз тилинде

Боёкчу: Ырлар. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас. 1964. – 19 б.

Кызылчанын баласы.– Ф.: Мектеп. 1967. – 22 б.

Бадыраң кантип үшүгөн: Ырлар. – Ф.: Мектеп, 1968. – 15 б.

Жашыл көпүрө: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1972. – 47 б.

Жылдыздуу асман: Ырлар.– Ф.: Мектеп, 1975. – 16 б.

Байчечекей: Ырлар, жомоктор.– Ф.: Мектеп, 1979. – 68 б.

Зымырык: Ырлар жана жомоктор.– Ф.: Мектеп, 1983. – 74 б.

Айдың көл: Ырлар жана поэма.– Ф.: Мектеп, 1987. – 119 б.

Бир орундуу самолет: Ырлар.– Б.: ЖЧК «Кутаалам», 2007. – 24 б.

Чөндөлөй: Ырлар. – Б.: ЖЧК «Кутаалам», 2007. – 12 б.

Бака, бака, балчак: Ырлар.– Б.: Контет, 2007. – 12 б.

Жашынмак: Ырлар.– Б.: «ЮНИСЕФ», 2007.

Орус тилинде

Одноместный самолет: Стихи.– Ф.: Мектеп. 1976. – 14 с.