Жупка – камырдан даярдалган тамактын түрү. Буудай ундан камыр жасалып, жука жайылып, казанга каттап-каттап бышырылат. Ж-ны сүткө бышырып, май кошуп жейт же болбосо шорпого, сууга бышырып сүзмө катыктап пайдаланышат. Аны кургатып, майдалап баштыкка салып алыс жолго чыкканда жол азык катары да ала жүрүшкөн.

Колдонулган адабият түзөтүү

"Кыргыз Тарыхы.Энциклопедия". Бишкек 2003.