Жусубалиев Балтабай
Жусубалиев Балтабай (1875, Нарын облусу, Ак-Талаа району Дөрбөлжүн (азыр Баетов) кыш. 1965, ошол эле жер) - жылкычы, Социалистик Эмгектин Баатыры (1948). 1939-60-жылдары Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жданов атындагы колхоздо жылкычы болуп иштеген. 1947-жылы 182 жылкыны (анын ичинен 52 бээден 52 кулун алган) аман асырап, жылкы чарбасын өнүктүрүүдө чоң салым кошкон. Ленин ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5