Жут (лат. Corchorus, L. 1753) – жөкө дарактар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Анын 40ка жакын түрү бар. Азия, Африка, Америка, Австралиянын тропик аймактарында өсөт. Була алуу үчүн тоголокжанасүйрү мөмөлүү эки түрү өстүрүлөт. Өсүмдүктүн бийиктиги 3,5 мге чейин. Кезектешип жайгашкан сүйрү жалбырагынын тегереги тиш сымал. Гүлү майда, сары, эки жыныстуу. Мөмөсү чанак. Уругу майда, түсү күрөң, боз же жашыл. Жарык, жылуу жана нымдуу жерде жакшы өсөт. Жусуповтун буласы техникалык, таңгактоочу жана башка кездемелерди, килем жасоодо кеңири колдонулат. Кургак сабагынан 20-25% була чыгат. Мекени Индия. Жусуповтун жалбырагы тамак-ашка пайдаланылат. Орточо түшүмдүүлүгү гектарынан 15,7 ц. Жусуповту дүйнө боюнча Индия, Пакистан жана Бангладеш арбын өстүрөт. КМШ өлкөлөрүнөн Орто Азияда бир аз аянтта сүйрү мөмөлүү Жусуповтун сорттору өстүрүлөт. Ар бир гадан орточо 95-100 ц кургак сабак алынат. Буласын алуу үчүн өсүмдүктөрдүн 50% инде биринчи кутуча пайда болгондо жыйналат. Бооланган сабактар кургатылып, иштетүү үчүн була заводуна жөнөтүлөт.

Corchorus olitorius.

Колдонулган адабияттар түзөтүү