Жуучу — кызга куда түшүүгө ата-энесинин макулдугун алуу үчүн күйөө тараптан жиберилген атайын өкүл. Ж-га көбүнчө эркек адамдар барган, алар сөзсүз түрдө үйлөнө турган жигиттин өз атасы же эң жакын туугандары болушу керек. Кыргыз элинде Ж-ларды дайындоодо өтө кылдат мамиле кылышкан. Алардын сабында сөзсүз түрдө акылга дыйкан, сөзгө чечен, актаңдай, шайыр адамдар боло турган. Алар куда түшүп барган жеринде ар кандай күтүүсүз кырдаалдардан жол таап, сөз таап кете алган. Эпосто да Жакып Санирабиганын атасы Атемир жана анын увазирлеринин какшык, кемсинтүү максатында айтылган сөздөрүнө курч, таамай жооп берип келечек кудаларынын купулуна толот. Кыргыз жана ошондой эле чыгыштын көптөгөн элдеринде Ж-га өзгөчө мамиле кылышкан. Кызын берүүгө макул болушпаса да Ж-ну урмат-сый менен узатышкан. Ушуга байланыштуу кыргыз элинде “элчи менен жуучуга өлүм жок” деген ылакап сөз бар. Кыздын атасы кызын берүүгө макул болгон учурда калыңы бычылып, үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүнүн күн тартиби, ирети макулдашылат. Кулдук уруу иретинде ала келген белек-бечкеги кыздын атасынын алдына тартылат: Эпосто да Жакып Атемирге жамбы, ай туяктарды кудалык пул деп берет. Кыздын атасы Ж-ларды жөн узатпастан кийит кийгизет. Ушундан баштап эки тарап тең тойго камдана башташат. Ж. адам эки башка бүлөнү, урукту, тайпаны, ал эми кээ бир убактарда элдерди да бири-бирине куда-сөөк кылган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4