Жыгач кескич аспап — механикалык жол менен сом жыгачтын өлчөмүн же түрүн өзгөртүүчү аспап. Ал формасы жана мизи менен мүнөздөлөт. Мындан тышкары станокко бекитилген тетиктери болот да, алар аспаптын иштелүүчү жыгачка карата абалын жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Жыгач кескич аспапка төмөндөгүлөр кирет: араалар (кол менен, электр бензин кыймылдаткыч менен иштетилүүчү); бет иштетүүчү аспаптар кол менен (балта, кескич, тепкич, рубанок, фуганок жана башка), механикалаштырылган (электр рубанок, электр жылмалагыч), машиналуу жыгач иштетүүчү станоктун бир бөлүгү болгон бычак, фрезалар; көзөнөк жасоочу аспаптар бургулар, кол, машина жана электр менен көзөгүчтөр, оюктарды ургулоочу чынжырлуу түзүлүштөр жана башка. Алар легирленген жана көмүр тектүү болоттон, катуу куймалардан, абразивдүү материалдардан жасалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү