Жыгач бетине элдик көркөмдүк берүү. Жыгачтын ар кандай шартына карап, кооздукту берүү өнөрү кыргызда байыртан бери келген. Анткени, жыгаччылык элибиздин турмуш-тиричилигине кирип, жеринен карым-катыш алып келгени менен анын адамды имерчиктете турган эски нускалары азыркы муундарга эң эле аз санда жетүүдө. Айыл арасынан азыр мындай мурастарды чала-чарпын гана кездештиребиз. Көбүн эсе мунун айрым үлгүлөрүн эмки муундар музейлерден учуратууда. Жыгачтан көркөм буюмдарды жасоо салттарын, айрыкча, жемиш-дарактарынын чордону Түштүк Кыргызстандын аймагынан бир аз табууга болот. Жыгач оюмдары элибиздин кол өнөрчүлүгүнүн көркөмдүктү көздөгөн башка чыгармачылык түрлөрү менен бөтөнчө байланышта көрүнөт. Мындай үндөштүктөр, төтөн, кийиздин, темирдин беттерине түшкөн оюм-чийимдерден даана көрүнөт. Жыгачка гана таандык кооздуктун өзүнчө касиети бар. Мында чебер менен жыгачтын, адамзат жана жаратылыштын бири-биринен ажырагыс мыйзам ченемдүүлүгү бар. Жыгачты иштетип жатканда буркураган аромат жыт уруп, кандай оюм-чийим түшөөрүн өзү айтып турат.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)