ЖыландыӨзгөн районундагы суу, Жазынын оң куймасы. Фергана тоо тизмегинин түштүк батыш тармагы Кумбел тоосунун түндүк-батыш капталынан баш-талат. Узундугу 23 км, алабынын аянты 140 км2, алабынын деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 1600 м. 4 куймасы бар. Жылдык орточо чыгымы 1,10 м3/сек, эң көбү апрель – майда, эң азы январь – февралда байкалат. Негизинен кар, жаан -чачын жана булак сууларынан куралат. Сугатка кеңири пайдаланылгандыктан суусу Жазыга жетпейт. Жээгинде Жыланды кыштагы жайгашкан.

Жыланды
Мүнөздөмө
Узундугу 23 км
бассейндин аянты 140 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ош облусу
Район Өзгөн району

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы ISBN 9967-14-006-2