Жылаңач
Жылаңач — Нарын районундагы суу, Нарын дарыясынын сол кумасы.
Жылаңач
| |
---|---|
Мүнөздөмө | |
Узундугу | 31 км |
бассейндин аянты | 100 км² |
Суу агымы | |
Аягы | Нарын дарыясы |
Жайгашкан орду | |
Өлкө | Кыргызстан |
Област | Нарын облусу |
Район | Нарын району |
Узундугу 31 км, алабынын аянты 100 км2ден ашуун. Жетим кырка тоосунун түндүк капаталындагы мөңгүлөрдөн башталып, Булгартка куят. Алабында жалпы аянты 6,2 км2 келген 21 мөңгү бар. Ири куймалары: Жолколот, Кең-Суу ж. б. Июнда кирип, сентябрда тартылат, айрым жылдары соолып калат. Жылдык орточо чыгымы 1-2 м3\сек. Өрөөнү жайыт.