Жылгыч (ползун) - крейцкопф, түз сызыктуу багытта алга-артка умтулуу кыймылын, ал эми жаа багытында термелүү кыймылын аткаруучу тетик. Жылгыч кривошип-ползун, кулистүү жана айрым механизмдин тетиги катары кызмат кылат. Металл кескич станокто Жылгычка кесүүчү шайман орнотулуп, түз сызыкта кыймылдайт. Ичинен күйүүчү, поршендүү, компрессордуу кыймылдаткычтарда Жылгычтын жумушун поршень аткарат. Ал узата таасир эткен күчтү шатунга, ал эми туура тарапка кеткенди багыттагычка берет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү