Жылдыздуу асман - түнкүсүн асман чүмкөгүнөн көрүнүүчү жарык чыгаруучулардын жыйындысы.

Түн ачык болгондо Саманчы жолуна жакын жайгашкан 2,5 миңге жакын жылдыз (6-жылдыздык чоңдукка чейин) көзгө куралсыз көрүнөт. Жылдыздуу асманга багыт алуу ыңгайлуу болсун үчүн жылдыздар топторго бөлүнгөн. Ар бир топ жылдыздагы эң жаркырак жылдыздар мүнөздүү топторду түзөт, аларды Жылдыздуу асманда оңой байкоого болот. Жылдыздуу асман 88 топ жылдызга бөлүнүп, алардын ортосундагы чеги эл аралык астрономиялык союздун чечими боюнча (1930) белгиленген. Таблицада жылдыздардын кыргызча жана латынча аттары, ошондой эле Жылдыздуу асмандагы оруну кыскача берилген. Жылдыздуу асмандан жылдыз чогулмаларын, Галактикалык тумандуулукту, Галактиканы, галактика чогулмаларын, квазарларды ж. б., Күн системасынын составына кирүүчү телолорду, планеталарды, алардын спутниктерин, кичине планеталарды, кометаларды, жасалма космостук объектилерди, Жердин жасалма спутниктери менен космостук зонддорду байкоого болот. Жылдыздуу асмандын көрүнүшү Жердин айланышы менен шартталып, асман сферасынын суткалык айланышынан үзгүлтүксүз өзгөрүп турат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.