Жылдыз аралык магнит талаасы

Жылдыз аралык магнит талаасы - жылдыз аралык чөйрөнү түзүүчүлөрдүн бири.

Жылдыз аралык магнит талаасынын чыңалышы жана түзүлүшү төмөнкү методдор менен бааланат:

  • 1) Галактиканын радио нур чыгарышын изилдөө;
  • 2) жылдыз аралык чөйрөдө жылдыздардын жарыгынын поляризацияланышын ченөө;
  • 3) Фарадей эффектисинин негизинде талааны баалоо;
  • 4) Жылдыз аралык магнит талаасынын чыңалышын өлчөө ыкмасы кубаттуу радио-нур чыгаруучу булакка проекцияланган массивдүү тыгыз газ булутчасына карата колдонулат.

Ал талаа Галактиканын газдуу дискасынын калыңдыгына жетиштүү таасир тийгизет. Галактиканын магнит талаасынын чыгышы азырынча жетишээрлик изилдене элек. Жылдыз аралык магнит талаасы жылдыздардын пайда болушуна чоң таасирин тийгизди.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.