Жылдыз каталогу - Жылдыздардын экватордук координаталары (алардын өзгөрүшү), жылдыз чоңдуктары, спектрдик классы ж. б. мүнөздөмөлөрү көрсөтүлгөн тизмеси.

Жылдыздар Жылдыз каталогунда чоңоюу тартибинде жайгашат, жылдыздарды белгилөө үчүналар номерленет. Астрономиялык байкоолордун негизинде түзүлгөн Жылдыз каталогу жылдыздар системасындагы кыймылды жана алардын түзүлүшүн окуп үйрөнүүдө негизги материал, ошондой эле астрономия, геодезия жана асман механикасындагы негизги маселелерди тактоодо колдонулат. Жылдыз оруну белгиленген Жылдыз каталогунда белгилуу бир доордогу асман координаталарынын орточо экватордук системасын аныктоого жана ал системаны ошол доор үчүн кайра көрсөтүүгө жетиштүү маалыматтар болот. Ушуга ылайыкталып түздөн түз байкоонун негизинде алынган баштапкы жана жылдыз координаталары менен алардын өзгөрүшү көрсөтүлгөн туунду каталогдор да түзүлөт. Баштапкы Жылдыз каталогу жылдыздардын оруну мурдагылардан көз карандысыз аныкталган абсолюттук каталогго жана жылдыздардын оруну мурда координаталары белгилүү болгон жылдыздарга карата аныкталган салыштырмалуу каталогго бөлүнет. Пулков обсерваториясында жаркырак жылдыздардын дайыма үзгүлтүксүз түзүлгөн каталогу абсолюттук Жылдыз каталогуна мисал боло алат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.