Жылдыз статистикасыжылдыз астрономиясынын бөлүмү. Ал физикалык окшош мүнөздүү жылдыздардын мейкиндикте бөлүнүшүн, ар түрдүү жылдыздардын ортосундагы статикалык көз карандылыкты математикалык статика ыкмасы менен изилдейт.

Жылдыз статистикасын англис астроному В. Гершель кийирген. Жылдыз статистикасынын башкы милдети - жылдыз тыгыздыгын, б. а. бирдик көлөмдөгү жылдыздардын санын математикалык статистиканын ыкмасын пайдаланып аныктоо. Асман объектисинин бөлүнүшүн изилдөөнүн ыңгайлуу ыкмасын советтик астроном М. А. Вашакидзе (1937) жана аны менен байланышпай туруп, голланд, астроному Я. Оорт (1938) сунуш кылган. Советтик астроном Б. В. Кукаркин (1947) Вашакидзе - Оорт ыкмасын өзгөрмө жылдыздардын мейкиндикте орун алышын изилдөө үчүн колдонгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.