Жылдыз чоңдугу - жылдыз же асман телосунун жаркыроо чени. Биздин заманга чейин 2-кылымда Гиппарх куралсыз көзгө көрүнгөн жылдыздарды 6 топко бөлгөн, эң жаркырак жылдыздарды 1-чоңдукка, эң начарын 6-чоңдукка киргизип, калгандарын 2-, 3-, 4-, 5-чоңдуктарга ылайыктаган. Бир чоңдуктан экинчисине өткөндө жаркыроонун өзгөрүшү көзгө бирдей болуп көрүнөт, кийин фотометриялык өлчөмдүн жардамы менен 1-чоңдуктагы жылдыздын жаркыроосунун 6 чоңдуктагы жылдызга болгон катышы 100гө барабар экендиги аныкталган. Бул катыш Жылдыз чоңдугунун 5 интервалына туура келгендиктен, жанаша чоңдуктагы эки жылдыздын жаркырактыгынын катышы V100 = 2,512ге барабар. Эгер Е1жанаЕ2 эки жылдыздын жарыктанышы, т1жанат2 аларды жылдыз чоңдугу болсо, анда алардын катышы Е1/ Е2 = 2,512 (т1т2) болот. Мындан жылдыздын жаркырактыгы чоң болсо, анын чоңдугунун сан мааниси кичине болору келип чыгат. Абдан жаркырак жылдыздын жылдыз чоңдугу нөл же терс сан, абдан начар жылдыз чоңдугу оң сан менен туюнтулат. Мисалы., эң жарык жылдыз Сириустун жылдыз чоңдугу т= -1,46; Күндүкү т= -26,78 ; толгон Айдыкы т= -12,712 ; эң начар жылдыздыкы т = 23 жана башка.

Колдонулган адабияттар түзөтүү