Жылкычы чымчыктар - (Motacilla) таранчылар түркүмүнүн бир уруусу. Салмагы 20-25 г. Түсү агыш, көгүш, сары, бозомтук жана кара. Тумшугу ичке, учтуу, куйругу узун. Европа, Азия, Африка жана Түндүк Америкада таралган. Түндүк жакты мекендегендери келгин куш. Сууга жакын ачык жерде жашайт. Уясын жерге салат, кээде жылына 2 жолу уялап, 4-6 жумуртка тууйт. Жылкычы чымчыктар. Курт-кумурска жана алардын куурчакчалары, жөргөмүштөр, майда рак сымалдар менен азыктанат. КМШ өлкөлөрүндө 5, Кыргызстанда 4 түрү бар.

Motacilla flaviventris.

Колдонулган адабияттар түзөтүү