Жылкы тийүү — мал чарбачылык менен тиричилик өткөрүп келген көчмөн түрк, моңгол элдеринин баатырдык эпосторунун сюжеттик курулушунда туруктуу колдонулган типтүү учурлардын бири. Ж. т. эпостун согуштук эпизоддорунун өнүгүшү үчүн олуттуу роль ойнойт.

Душман тараптын жылкысын тийип айдап жөнөшү — негизги согуштук окуянын башталышына шарт түзүп, эки тараптын колунун (аскеринин) беттешүүсүнө себеп болот. Мисалы, “Чоң казат” эпизодундагы Алмамбет менен Сыргактын чалгынга барып, Ажыбайдын Карткүрөңүн калмак-кытайлардын жылкысына кошуп жиберип, айдап жөнөшү бардык вариантта салттык түрдө айтылат. Жылкынын артынан душмандар кууп келип согуш болот, эки тараптын колдору беттешип кытайлар жеңилет.

Ушундай эле Алмамбет Көкчөгө келгенден кийин ар кайсы элдерден жылкы тийип келип, Көкчөнү байытат. Айрым варианттарда (Радлов, Түштүк Кыргызстан) Алмамбет тарынып Көкчөдөн кеткен соң, Манасты ээрчитип барып анын жылкысын тиет жана башкалар Жамаатташ жашаган элдер, уруулар бир-биринин жылкысын тийип алуу — аталык-феодалдык көчмөн коомдун шартында учуроочу салттык кадыресе көрүнүш болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4