Жылкы чарбасы - мал чарба тармагы. Жылкы чарбасында жылкынын негизги 3 тиби (минги, чегилме, оор жүкчүл) пайдаланылат. Жылкы чарбасы. калкты эт, сүт, тери жана унаа менен камсыз кылуучу маанилүү тармак болуп саналат. Жылкы породалары айрыкча 18-19-кылымда көп чыгарылган. Азыр бир катар өлкөлөрдө жылкы Айыл чарба жумуштарына жана күч унаа катары али да кеңири пайдаланылат. Ат спортун жана туризмди өнүктүрүүдө мыкты жылкы породаларын көбөйтүү айрыкча мааниге ээ. Асыл тукумдаштыруу ишин пландуу жүргүзүүнүн натыйжасында күлүк (учкаяк), чыдамкай, күчтүү, сымбаттуу жылкылар көбөйүп, ат спортунун классикалык түрлөрүбоюнча эл аралык, олимпиялык оюндарда жакшы натыйжалар жаралууда. Бээнин сүтүнөн дарылык касиети бар кымыз ачытылат. КРде айыл чарбаны реформалоонун жана базар экономикасынын шарттарына ылайык жылкы чарбасы жеке менчик дыйкан чарбаларында өнүгүүдө. Кыргызстанда бардыгы 347 миңден ашык жылкы бар. Анын 14%и асыл тукумдуу болуп эсептелет. Өлкөдө жылкынын таза кандуу минги, минги-чегилме, жаңы кыргыз жылкысы, дон, орлов жана орус таскакчыл породалары өстүрүлөт. Породалык багытында кыргыз жаңы жылкылары 92%ти түзөт. Кыргыз жаңы жылкысы Кыргызстандагы жерге кыргыз жылкысы менен дон жана талаа асыл тукум минги жылкысын аргындаштыруудан чыгарылган. Жылкы тукумун өркүндөтүү жана жакшыртуу боюнча республикада 34 чарба иштейт (2007). Алар Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Ноокат мамлекеттик асыл тукум заводдору, ипподромдор, кооперативдер, жеке менчик асыл тукум чарбалары жана асыл тукум фермалар. Асыл тукумдаштыруу иши Кыргызстандын кескин континеттик климатына жана бийик тоо шартында пайдалануу үчүн турпаты келишимдүү, чымыр жылкы чыгарууга багытталган. Өлкөбүздө асыл тукум Жылкы чарбасын өнүктүрүү максатында Кыргыз Өкмөтү 2003-жылы атайын токтом менен «Кыргыз Республпкасында 2010-жылга чейин жылкы чарбасын өнүктүрүү программасын» кабыл алып, асыл тукум жылкы заводдоруна колдоо көрсөтүлүүдө. КРде жылкы чарбасы боюнча илимий иштер А. Дүйшеев атындагы Кыргызстан мал чарба, ветеринария жана жайыт ИИИде жана К. И. Скрябин атындагы КАУнун жеке зоотехния кафедрасында жүргүзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү