Жылтыр гүл (Erigeron) — татаал гүлдүүлөр тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир эки же көп жылдык чөп. Жалбырагы жөнөкөй, сабакта кезектешип жайгашат. Топ гүлү шыпыргы сымал же калканчадай.

Жер жүзүндө 200, Кыргызстанда 32 түрү белгилүү. Алар өрөөндөн тартып, тоонун альп алкагына чейинки шиберлерде, шалбааларда, бадалдуу, токойлуу беттерде өсөт.

Кай бирлеринин дарылык касиети бар. Айрымдары эфир майын жана ашаткыч заттарды алуу үчүн атайын айдалат. Кээ бир түрү кооздук үчүн гүлзарларда өстүрүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз совет энциклопедиясы, 2 том. Башкы редактору Б.Ө.Орузбаева. Фрунзе—1977.