Жылуулук машинасы - жылуулукту жумушка (жылуулук кыймылдаткычы, жылуулук насосу жана башка) же жумушту жылуулукка (муздаткычтар) айландыруучу курал. Жылуулук машинасы менен иштөөсү табигый энергетикалык ресурстарга (газ, нефть, суу буусуна жана башка) негизделген. Эгерде циклди ишке ашырууда анын бир бөлүгүндө жумуш аткаруучу нерсеге жылуулук берилип, башка бөлүгүндө жылуулук чыгарылса (төмөнкү температурада), анда жумуш аткаруучу нерсе берилген жана чыгарылган жылуулук санынын айырмасына барабар (идеалдуу жылуулук машинасы үчүн) жумуш аткарат. Мисалы, ичинен күймө кыймылдаткыч, буу жана газ турбиналары.

Колдонулган адабияттар түзөтүү