Жылуулук техникасы - илим менен техникада жылуулук энергиясын алуу жана пайдалануу ыкмасын камтыган тармак. Жылуулук техникасынын эки негизги багыты бар: 1) жылуулук кубаты жылуулук казан жабдууларынын очогунан, мешинен, органикалык отун күйгүзүүчү камерадан, жылуулук аккумуляторунан, радиатордон, калориферден, конденсатордон, ядро реакторунан жана башка алынат; 2) отундун химиялык энергиясы механикалык, андан соң электр энергиясына айландырылат. Буларга буу турбиналары, ичинен күймө кыймылдатычтар, газ турбиналары, реактивдүү кыймылдатычтар, муздаткыч машиналар жана жылуулук насостору кирет. Ошондой эле, Күн нурунун жана жер астындагы жылуулуктар да пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү