Жылуулук электр борбору - керектөөчүлөргө электр энергиясы менен ысык суу жана буу түрүндө берилүүчү жылуулукту бир убакта иштеп чыгаруучу жылуулук электр станциясы. Жылуулук электр борбору негизинен отун, суу даярдоочу жана суу ысытуучу түзүлүштөрдөн, казандан, электр генераторунан, буу турбиналарынан, бууну керектөөчүлөргө бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдөн турат. Жылуулук электр борборунун артыкчылыгы пайдаланылуучу бууну, сууну жылытуу менен эле бир убакта электр энергиясын иштеп чыгат. Жылуулук жылдын белгилүү гана мезгилинде талап кылынгандыктан, жылуулук электр борборунда буу тыгыздалат: өнөр жай үчүн жыйналган буунун басымы 8-16 атмга, жылытууга арналган буунуку 1,2-25 атмга жетет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү