Жыл-Алды, Өзгөн району - Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Жыл-Алды айыл округуна караштуу. Жыл-Алды суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 990 метр бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 10 км Түндүк тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 59 км. Кыштак 1908-10-жылы негизделген. Калкы 2950 (2009); негизинен дыйкан чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП, дарыкана бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, соода түйүндөрү, май жуваз цехи, мончо иштейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү