Жыныстык бузулуулар, перверециялар жыныстык каалоонун багытталышынын аны канааттандыруу жолдорунун оорулуу бузулушу. Мында жыныстык кумарлануу ылайык келбеген объектиге багытталат: жаш балдарга (педофилия), жакын туугандарына (инцестофилия), жаныбарларга (зоофилия), өлүктөргө (некрофилия). Жыныстык бзулуулар кээде ошол адамдын жыныстык козголуусун пайда кылуучу буюмдарга кызыгуу (фетишизм) түрүндө байкалат. Жыныстык канааттануу өнөгүнө катуу, орой мамиле жасоо (садизм) же денесин оорутуу, ындынын өчүрүү менен да өтөт. Жыныстык бузулуулардын пайда болушуна кээ бир нерв жана психикалык оорулар (мисалы, энцефалит, мээнин жабыркашы, шизофрения), эндокриндик жана башка бузулуулар себеп болушу мүмкүн. Дарылоо аны пайда кылган себебине карата жүргүзүлөт. Психотерапия, гормон дарылары, нейролептиктер колдонулат. Алдын алууда жыныстык тарбияны туура жүргүзүүнүн мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү