Жыргалаң суусу – Ак суу ооданындагы суу. Тескей Ала-Тоонун түндүк капталынан башталып, Ысык-Көлдүн чыгыш тарабындагы аты окшош булуңга куят. Узундугу 97 км, алабынын аянты 2070 км2. Жогорку жагы кууш капчыгай аркылуу субмеридиан багытта, төмөнкү бөлүгү кеңдик багытта агат. Ири куймалары: Терим Төр-Булак, Түргөн Аксуу, Боз учук, Ичке жергез, Ак суу (Арашан). Мындан башка 50дөн ашык майда куймалары бар. Алабында жалпы аянты 1,54 км2 келген 42 көл жатат. Жылдык орточо чыгымы 22,5 м/сек; эң көбү 104 м3/сек, эң азы 7,12 м3/сек. Апрельде кире баштап, августтун аягында тартылат. Сугатка кеңири пайдаланылат. Алабында Ак суу жана Жыргалаң курорттору жайгашкан. Боюнда Жыргалаң шаарчасы, Совет, Токтогул (Зындан), Акчий, Раздольный, Шапак Отрадный, Чоң Жергез, Чолок, Кара жал, Тепке кыш орун алган.

Жыргалаң суусу
Мүнөздөмө
Узундугу 97 км
бассейндин аянты 2 070 км²
Жайгашкан орду
Өлкө  Кыргызстан
Област Ысык-Көл облусу

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы,мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Б. 2004.