Жыргалчылык - калктын бардыгынын, айрым класстын, социалдык топтун, үй-бүлөнүн, жеке адамдын жашоо-тиричилик үчүн зарыл болгон материалдык байлык, социалдык жана рухий дөөлөт менен камсыз болушу. Материалдык байлык бул тамак-аш, кийим, турак-жай, эмерек, турмуш-тиричилик жана маданият буюмдары, транспорт, байланыш, дарылоо жана саламаттыкты сактоо каражаттары жана башка; социалдык дөөлөт жумуш менен камсыз болуу, эмгек шарттары, социалдык камсыздоо, жашоонун экология. шарттары жана башка; рухий дөөлөт материалдык эмес өндүрүштүн мекемелери көрсөтүүчү кызмат. Жыргалчылык. өндургуч кучтөрдун деңгээлине жана өндуруштук мамилелердин мүнөзүнө жараша болот. Өндүргүч күчтөрдүн жогорулашы Жыргалчылыктын жогорулашына өбөлгө түзөт. Бирок Жыргалчылыктын өсүшү иш жүзүндө коомдогу өндүрүштүк мамилелер менен шартталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү