Жырткычтар (лат. Carnivora) — сут эмүучүлөрдүн түркүмү. Бор мезгилиндеги эң жөнөкөй курткумурска жечүлөрдөн келип чыккан. Дене узундугу. 11 смден (арыс чычкан) 3 мге чейин (аюулар), салм. 100 гдан 700 кгга чейин. Жыныс диморфизми байкалбайт, айрым түрүнүн гана эркеги ургаачысынан чоңураак болот. Түсү, түзүлүшүжанажашоосу ар түрдүү. Көпчүлүгү тамандап басып жүрүүчүлөр, манжалары ар дайым 5, чанда гана 4, тырмактары жакшы өрчүгөн. Жырткычтардын көпчүлүгүнүн үстүнкү, алдыңкы азуу тиштеринин төртүнчүсүжанаастынкы арткы азуу тиштеринин биринчиси (жырткыч тиштери) башка азуу тиштерине караганда жакшы өөрчүгөн, табылгасын тытып жеш үчүн кызмат аткарат. Кылкыйма азууларынын кырлары дайыма курч. Көпчүлүгүнүн жүнү калың, жумшак. 12 тукуму, анын ичинен азыркы карышкырлар, аюулар, жанаттар, суусарлар, көк жалдар, виверралар жана мышык сымалдардын 235 түрү кездешет. Жырткычтарга кээде түркүмчө катары калак буттуулар да киргизилет, алар Жырткычтардын түпкү тегинен четтеген. Австралия (байырлаштырылган түрлөрү бар) менен Антарктидадан башка бардык жерде таралган. Негизинен күүгүмдөжанатүнкүсүн активдүү, моногамдар. Жалгыздап жана жупташып тиричилик өткөрөт. Балдары сокур туулат, кеч чоңоёт. Көбү (аты ошондон), кээси ылгабай азыктануучулар. Эт жечүлөр. Көпчүлүгүнүн териси баалуу, ошондуктан аларга аңчылык жасалат. Кээ бири (мисалы., карышкыр) мал чарбасына зыян келтирет. Жугуштуу ооруларды (мисалы., кутурма) таратуучулар. Көпчүлүк түрүяүн саны кескин азайып кеткен. 36 түрү, 20 түрчөсү ТКЭСтин, 8 түрү Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген.

Жырткычтар.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү