Жырынта (моңг. жирн, жирен — алтымыш) — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, калмактын малчы чалы. Козу издеп жүрүп талаада козу кайтарып жүргөн Манас баш болгон кыргыз балдарга жолугат. Манас анын от тутантып алганга оттугун сураса балдарды киши ордуна көрбөй, оройлук кылып тилдеп оттугун бербей коёт. Ачуусу келген Манас Ж-ны атынан оодарып, оттугун кисеси менен кошо тартып алат (Саякбай Каралаев, 1. 66).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4