Жыт сезүү органдары - адам жана айбанаттардын айлана-чөйрөдөгү химиялык дүүлүктүргүчтөрдү кабылдоо мүчөсү. Көпчүлүк омурткасыздарда жалпы эле химиялык сезүү мүчөсү болот. Курт-кумурскалардын кабылдагыч кылдарында жайгашкан жыт сезгичтери бар. Көп сүт эмүүчүнүн мурдунун жыт сезүү бөлүгү мурун сөөгүнүн жардамчы кечиринин эсебинен чоңойгон. Адамдын жыт сезүү орто мурун көңдөйүнүн жогорку-арткы каңылжарында орун алган. Жыт сезүү орто балыктарда жуп мурун чуңкуру, моллюскаларда осфрадия түрүндө болот жыт сезүү органынын милдетин, аларда жайгашкан ийик сымал жыт сезгич рецептор клеткалары аткарат. Ал клеткалар коёндо 100, адамда 10 млнго жакын болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү