Жээренче чечен

Түрк элдеринин оозеки жомокторундагы каарман

Жээренче чечен (XIV - XV кылым, Алтын Ордо) — Түрк элдеринин оозеки чыгармаларындагы чечендик жана акылмандык жагынан элдик мүдөөнү туюндурган санжыргалуу каарман. Жээренче чечен окуяларынын бир даарын алтай, крым, тобол (түмөн) татарларынан В. В. Радлов жазып алып (19-к.) жарыялаган. Көпчүлүк иликтөөчүлөр анын чындыгын тактоого аракеттенгендигине карабастан, чечендин өмүр баяны, ата-теги жөнүндө так маалымат жок. Ал калк оозунда сөзгө устат, чечен, кара кылды как жарган калыс, жандуунун гана эмес, жансыздын да дилин, тилин түшүнгөн олуя, болжолу Жаныбек хандын ордосунда кеңешчи болуп кызмат өтөгөн акылман, кара өзгөй хандын каарына калып, куугунтукка алынган тарыхый инсан катары сүрөттөлөт. Кыргыз фольклору боюнча Жээренче чечен Асан Кайгы, Токтогул ырчы, Толубай сынчынын замандашы болгон. Жээренче чечендин сөзгө чеберлиги, айлакердиги бала кезинде эле байкалган. Ал анын тоо элинен элчиликке барып, хандын бир дооматына чукугандай сөз таап, өз элин бүлгүнчүлүктөн куткарып калгандыгынан ачык көрүнөт. Жээренче чечен окуялары көп катмарлуу. Анда шарттуу түрдө чыгарманын түзүлгөн аймагы жөнүндө маалымат берилген. Бир учурда окуянын түзүлгөн орду катарында Сыр (Сыр-Дарыя) бою көрсөтүлсө, экинчи маалыматта Кыпчак талаасындагы (Дешти-Кыпчак) Жаныбекти баласы Бердибек (бир кабарда иниси) өлтүрүп, ордуна хан болуп, «түрк балдары» колдоого алышы сыяктуу тарыхый окуялар чагылдырылат. Жээренче чечен нускалуу сөздөрү менен калктын көркөм табитинен кеңири өңүт алып, кылым аралап өчпөй келген каарман.

Жээренче чечен
Туулган жери

Алтын Ордо

Жашаган доору

XIV - XV кылым

Каармандын мүнөздөмөсү
Жынысы

Эркек

Жумуш тармагы

Сөзгө чечен, калыс

Багыты

Жакшылык

Байланышкан каармандар

Токтогул ырчы, Толубай сынчы, Акыл Карачач

Колдонулган адабияттар түзөтүү