Жүгөрү көпөлөгү (Cirphis loreyi) - жүгөрү менен бал камыштын өтө коркунучтуу зыянкечи.

Түсү сары же чымкый күрөң. Канатынын уз. 2030 мм, куртунун жонунда узатачтон кара жик болот. Түштүк Европа, Түндүк Африка, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияда; - Крым, Кавказ, Орто Азияда көп тараган. Орто Азияда Жүгөрү көпөлөгү жылына 3 жолу тукумдайт. Анын курту жалбыракты, гүлдү зыянга учуратып, сотону булгайт, таза данды чиритет. Күрөш чаралары: жерди терең тоңдурмалоо, урон себуу алдында аянтты малалоо менен бирге культивациялап, маалында катар аралыкты иштетүү, курт жапырт чыга баштаганда уулантуучу заттарды чачуу

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.