Жүзүм курт сымагы
Жүзүм курт сымагы (Plancoccus cirti) - кебер курт сымак тукумундагы жүзүм зыянкечи.
Денесинин уз. 3-4 мм, кызгылтым, кебер каптап турат. Ал Америкада, Африкада, Азияда, Түштүк Европада, Закавказье менен Орто Азияда (Кыргызстанда) кездешет. Жүзүм курт сымагы өсүмдүктүн ширесин соргондо сабагы куурай баштайт. Мөмөсүн кебер (ак шоро) каптап, тамак-ашка пайдаланууга жараксыз болот.
Күрөшүү чаралары: жазында, жайында уу химикат чачуу, крпптолемус коңузун коё берүү ж. б.
Колдонулган адабияттар түзөтүү
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.