Жүз аарчы - тазалык максатында пайдаланылуучу кол жоолук. Жүз аарчылардын бети саймаланып, жээктери кооздолуп жасалган. Кыз-келиндердин саймачылыгы жана уздугу Жүз аарчы жасоодон башталган. Жүз аарчы 30-40 см өлчөмүндөгү ак же түстүү жука кездемеден, жибектен жасалган. Анын кырка четтери, бурчтары ар кыл сайма менен көркөмдөлүп, жээктери тордолуп, чачыланып, кээде майда шуру, бермет бастырылып кооздолгон. Кыргыз кыз-келиндери өз урматын, сыйын, ал тургай сырдаштык сезимдерин билдирген белек буюм катары жигиттерге тартуулаган. Жүз аарчы кээде дасторомол, кол жоолук, бет аарчы деп да аталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү