"Жүз жылдык жалгыздык" (исп. Cien años de soledad; англ. One Hundred Years of Solitude) –– колумбиялык жазуучу Габриэл Гарсиа Маркестин эң белгилүү чыгармасы. 1967-жылы жарык көргөн роман Буэндиа үй-бүлөсүнүн көп муундук окуясын баяндайт. Үй-бүлөнүн аксакалы Хосе Аркадио Буэндиа метафоралык Колумбия өлкөсүнүн Макондо шаарчасын негиздейт.

"Жүз жылдык жалгыздык" сыйкырдуу реалист стили жана тематикалык мазмуну менен 1960 жана 1970-жылдардагы адабий Латын Америка толкунунун эң көрүнүктүү романына айланган. Стилистикалык жактан модернизмден (Европа жана Түндүк Америка) жана Куба авангард адабий кыймылынан таасир алган.

Биринчи жолу 1967-жылы басылып чыккандан кийин "Жүз жылдык жалгыздык" 37 тилге которулуп, 30 миллиондон ашуун нускада сатылган. Роман Гарсиа Маркестин эң көрүнүктүү чыгармасы болуп эсептелет. Кеңири катмардын алкоосуна татыган китеп испан адабий жазмаларындагы эң маанилүү эмгектердин бири деп табылган.

Сюжети түзөтүү

Каармандары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү