Жүз (уруу) - казак элинин Улуу жүз, Орто жүз, Кичүү жүз атанган негизги уруулук курамы. Ж-дөрдүн пайда болушу, максаты (согуш иши, бийлик кылуу жана башка), алардын калыптанышы тууралуу так маалымат жок. М. Магаунин жана башка изилдөөчүлөр жүз 16-кылымда түзүлгөн дешсе, башка көз караштагылар Казак хандыгы түзүлө электе эле калыптанган деп айтышат. Ар бир жүздүк бир нече уруу бирикмеси аркылуу өз алдынча куралып, сары уйсун, каңлы, жалайыр, албан, субан, дуулат, чапырашты, сиргели, ышты, ошакты, чанычкылы уруулары Улуу жүзгө карайт. Кезегинде бул уруулар майда уруктарга бөлүнүп, негизинен Иледен Сыр-Дарыяга чейинки (Түштүк Казакстан) аймактарда турушат. Аргын, найман, керей, уак, коңурат, кыпчактар Орто жүзгө кирип, көбү Иртыш дарыянын жээктеринен баштап, Сыр-Дарыянын ортоңку агымына чейинки (Чыгыш жана Борбордук Казакстан) жерлерди ээлешет. Кичүү жүз курамын бай уулу (12 ата), алим уулу (6 ата), жети ата уруулары түзүп, алар негизинен Түндүк-Батыш Казакстанды (Каспий, Арал деңиздеринин айланасы) жердешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү