Жүк санаар — сепке берилгендердин эсебин алуучу киши. Ага тойго катышып олтурган ардактуу аксакалдардын бири тандалып алынат. Ал өргөөдөгү септин эсебин алганча өргөөнүн сыртында күйөө баланын ата-энесинин достору алып келген мыкты деп эсептелген жылкы же төө байланып турат. Санап бүткөндөн кийин жылкы (төө) колуктунун атасына тартууланган, ал эми жүк санаар аксакал сепке түшкөн буюмдардын арасынан мыкты жылкыга тете деп эсептеген буюмду тандап алган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү