Жүлүн суюктугу - мээ карынчаларын жана мээ менен жүлүндү сыртынан каптап туруучу тор сымал кабыктын алдын толтуруучу түссүз тунук зат.

Жүлүн суюктугун мээ карынчаларын ичинен каптап туруучу кан тамыр чатышмаларынын өзгөчө бездери пайда кылат. Адамда 120-200 млдей Жүлүн суюктугу болот. Бирок Жүлүн суюктугуунун өлчөмү адамдын жашына жараша өзгөрүп турат (улгайган адамда Жүлүн суюктугу жаштардыкына караганда көп). Жүлүн суюктугу химиялык составы боюнча канга окшош, бирок андагы элементтердин саны канга караганда кыйла аз. Ал коргонуу функциясын аткарып, мээ менен жүлүндүн зат алмашуусуна катышат; баш сөөктүн ички басымын туруктуу кармап турат. Анын составы адам ооруганда тез өзгөрөт: эгер адам менингит менен ооруса Жүлүн суюктугу бозорот; мээге же анын кабыктарына кан куюлса мээ суюктугу - кызгылт, шишик болсо саргыч тартат; айрым жугуштуу оорулар менен ооруганда Жүлүн суюктугунда ар канай оору микробдору да пайда болот. Ошондуктан клиникада аны изилдөө чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8