Жүрөктүн кемтиги - жүрөк жана анын клапандарынын ишинин бузулушуна алып келүүчү жүрөк клапандарынын органдардын жарадар болушу.

Жүрөктүн кемтигинин тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Сейрек учуроочу тубаса Жүрөктүн кемтиги түйүлдүктүн жатында туура эмес түзүлүшүнөн болот. Көп учурай турган кийин пайда болгон түрүн ар кыл оорулар (кызыл жүгүрүк, көтөн жара, атеросклероз) пайда кылат. Адегенде аталган оорулардан жүрөктүн клапандарынын ткандары сезгенип, азыктанышы бузулат. Кийин ткандар катууланып, кыскарат, беттери түз болбой, түрү бузулат. Клапандар менен бирге вена жана артериялардын чыга бериш жери тарыйт. Кызыл жүгүрүктө көбүнчө 2 капкактуу клапан жараланат. 3 капкактуу жана толто клапандарынын кемтиги сейрек учурайт. Жүрөктүн кемтигинде кандын кыймылы бузулат, айлануусу кыйындайт, Пайда болгон кемтикти жеңүү үчүн күч менен иштегендиктен, жүрөктүн ичи кеңейет, булчуңдары калыңдайт (гипертрофия). Жүрөктү тыңшоо, көкүрөктү каккылоо жана рентген аркылуу көрүү, электрокардиография жасоо менен Жүрөктүн кемтиги оңой аныкталат. Кээ бир Жүрөктүн кемтигинде жүрөктү тыңшаганда мүнөздүү дабыштар (диастолдук, пресистолдук, протодиастолдук, систолдук) угулат.

Жүрөктүн кемтигин Кызыл жүгүрүк, көтөн жара ж. б. оорулар менен кошо дарылайт. Оору кармаган мезгилде ооруканага же үйгө жаткырып, жүрөк-кан тамырдын ишин жакшыртуучу жана заара көбөйтүүчү дарылар берилет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.