Жүрөк-кан тамыр системасынын дарылары

Жүрөк-кан тамыр системасынын дарылары - жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларында колдонулуучу дарылар.

Алар оймок гүл, адонис, ландыш ж. б. жүрөк глюкозиддери бар өсүмдүктөрдөн алынат. Жүрөк глюкозиддери жүрөктүн булчуцдарына таасир этип, жыйрылуу кыймылын (систола) күчөтөт, таралма нервдин рефлекстик козголуусунун натыйжасында ритм жайланат жана жазылуу кыймылы (диастола) узарат. Булардан тышкары жүрөктүн ишин күчөтүүчү, борбордук нерв системасына таасир этүүчү (кофеин, камфора), кан тамырларды кеңейтүүчү (нитриттер, нитроглицерин) дарылар пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.