Жүрөк кемтиги – жүрөктүн жана анын клапандарынын ишинин бузулушу. Жүрөк кемтигинин тубаса жана кийин пайда болгон түрү бар. Жүрөктүн тубаса кемтиги түйүлдүктүн өөрчүү мезгилинде жүрөк жана ири кан тамырлардын туура эмес калыптанышынан келип чыгат. Мында клапандардын кемтигинен башка дүлөйчөлөр менен карынчалардын ортосундагы капталдарда да тешик болушу мүмкүн. Анда кандын бир бөлүгү жүрөктүн сол жагынан оң жагына өтүп, вена каны менен аралашып, кайра өпкөгө кетет же өпкөгө барбай эле жүрөктүн сол карынчасына, андан толтого барат. Натыйжада ткандарда кычкылтек менен камсыз кылуу бузулуп, жүрөккө күч келет. Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркагандар начар чоңоюп, эмгекке жарамдуулугу төмөн болуп, жугуштуу жана башка ооруларга көп чалдыгат. Кийин пайда болгон жүрөк кемтигин түрдүү оорулар кызыл жүгүрүк, котон жара, атеросклероз пайда кылат. Адегенде бул оорулардан жүрөк клапандарынын ткандары сезгенип, азыктанышы бузулат. Жүрөк клапандарынын формасы өзгөрүлүп, жүрөк камераларынын ортосундагы клапандардын иши начарлап, тешиктер толук жабылбай калат. Ткань катууланып, аны менен бирге вена жана артериялардын чыга бериш жери тарыйт. Кызыл жүгүрүктө көбүнчө 2 жапкактуу клапан жабыркап, анын жапкактары жабышып, жүрөк камераларынын ортосундагы тешиктер бүтөлөт да, кандын жүрүшүнө тоскоол кылат, кандын айланышы бузулат. Бул жүрөктүн ишин кыйындатат жана булчуңун чарчатат (стеноз). Кээде бир нече жапкактары жабыркайт. Бул учурда жүрөк күч менен иштегендиктен, жүрөктүн ичи кеңеет, булчуңдары калыңдайт. Оору күчөгөндө, жүрөктүн мүмкүнчүлүктөрү азайып, анын иштеши начарлайт жана жүрөктүн жетишсиздигине алып келет. Ал жүрөктү тыңшоо, каккылоо жана рентген, электр-кардиография жасоо менен аныкталат. Дарылоо анын түрүнө жараша жүргүзүлөт жана жүрөктүн иштешин жакшыртууга, кан айланууну калыбына келтирүүгө багытталат. Жүрөк кемтигин хирургиялык жол менен дарылоо медицинанын жетишкендиги болуп эсептелет. Алдын алууда көп учурда бул ооруга алып келүүчү ревматизм жана башка оорулардын алдын алуу керек. Боюнда бар аялдын ден соолугун коргоо (жугуштуу оорулуу менен жолукпоо, ичкилик ичпөө, тамеки чекпөө, өз алдынча ар кайсы дарыларды колдонбоо) тубаса жүрөк кемтигин алдын алууда чоң мааниге ээ.

Колдонулган адабияттар түзөтүү