Жөжө - тоок, күрп жана башка куштардын балапаны. Куштар жөжөсүн ар кандай мөөнөттө басып чыгарат: мекиян 21, күрп 28 күн. Үй куштарынын жөжөсү массалык түрдө инкубатордо басып чыгарылат. Жөжө 1-1,5 айлыгына чейин жөжөканада багылат. Жөжө багуу өстүрүүчү чарбанын максаты менен куштардын түрүнө жараша болот. Асыл тукум жөжөнү багууда жөжөканадагы 1 м2 аянтка суткалык тоок жөжөлөрү 16-20дан, күрп менен каз жөжөлөрү 10-12ден, өрдөк жөжөлөрү 14-16дан жайгаштырылат. 20-30 күндөн кийин ошол эле аянтка 25ке чейин жөжө жайгаштырса болот. 1-жумада жылуулук түнкүсүн тоок жөжөканасында 28-29°С, күрп жөжөканасында 29-31°С, каз менен өрдөк жөжөканасында 27-28°С болуш керек. Күндүз жылуулукту 3-4°Сна төмөндөтүүгө болот. 8-9 күндөн кийин жөжөканадагы жылуулук тоок, күрп жөжөсүнө жума сайын 3°Сге, каз менен өрдөктүкүнө 4°Сге төмөндөтүлүп отуруш керек. Тоок менен күрп жөжөлөрүнө 40, өрдөк менен каз жөжөлөрүнө 20 күн болгондо жөжөкана жылытылбайт. Тордо багылган асыл тукум жөжөлөргө атайын даярдалган аралаш тоют берилет. Мындай тоюттарга витаминдүү дары-дармек, микроэлемент, антибиотиктер кошулат. Тордон чыгарылган кезде тоок менен күрп жөжөлөрүнө кургак же көк тоют, тамыры азык өсүмдүктөр, балык калдыктары жана башка кошулган нымдуу аралаш тоют берилет. Жөжөлөрдүн өсүшүн көзөмөлдөө үчүн ай сайын 50100 баштан таразага тартып туруу керек. Эт багытындагы бройлер жөжөлөрүн багууда 1 м2 аянтка 10-12 жөжө жайгаштырылат. Жөжөкана механикалаштырылып, температура 20-22°С, нымдуулук 60-65% болуш керек. Суткасына 12-14 саат негизинен электр лампочкасы аркылуу жарык кылынат. Жөжөлөргө 1-2 күн тартылган (майда) дан, андан кийин аралаш тоют берилет. Союла турган жөжөлөр сыртка чыгарылбайт. Күрп Жөжөлөрү 1,5-2 ай жылуу тордо багылып, аралаш тоют берилет. Эгин аңызына түшүм жыйналгандан кийин чыгарса болот. Өрдөк Жөжөлөрү 2-3 жума тордолгон жылуу жайда багылат. Суу (көлмө жана башка) жок чарбаларда 1 м2 аянтка 8-9 Жөжө. туура келгендей жөжөкана курулуп, ал секцияларга бөлүнөт. Ар бир секцияга 500гө чейин жөжө киргизилип, чыктуу (нымдуу) аралаш тоют берилет. Көлмөлүү чарбаларда жөжөлөр 3 жумадан кийин көлмөлөргө чыгарылат. Мындай учурда суунун жылуулугу 14°Снан төмөн болбош керек. Каз жөжөлөрү 2-3 жума жылуу жайга багылат. 1 м2 жерге 3-4 жөжө жайгаштырылат. Тоют базасы (жайыты) мыкты чарбаларда жөжөлөр топ-тобу менен (500-700дөн) жайытка (же көлмөгө) чыгарылат. 4 айдан кийин союлат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү