Жөргөмүш адам (англ. Spider-Man, орус. Человек-паук) - 2002-жылы Сэм Раими тарткан америкалык баатырдык тасма. Тасма "Marvel" комикстеринин ошол аттагы каарманына негизделген. Анда Нү-Йорк шаарында жашаган мектеп окуучусу жана кинонун баш каарманы Питер Паркердин (Тоби Магуайр) жөргөмүш сыяктуу укмуштуу күчтөрүн өркүндөтүү менен шаардагы кылмыштуулукка каршы күрөшкөндүгүн баяндайт. "Жөргөмүш адам"- тасмасында Питердин сүйүктүүсү Мери Жейн Уотсондун ролун Кирстен Данст, Уиллием Дефо- Норман Осборн/ Грин Гоблинин ролун, Розмари Харрис жана Клифф Робертсон "Мэй эже" жана "Бэн аганын" ролдорун, Жеймс Франко анын эң жакын досу Гарри Осборндун ролун аткарышкан.

"Жөргөмүш адам"- 2002-жылы, 30-апрелде Филиппинде алгачкы жолу көрсөтүлүп, АКШда 2002-жылы, 3-майда көрсөтүүгө чыгарылган. Тасма сын-пикир жагынан да киреше жагынан да ийгиликке жеткен. Дүйнө жүзү боюнча 821.7 миллион АКШ долларын табуу менен, тасма 2002-жылдын эң кирешелүү тасмаларынын арасында үчүнчү орунду ээлеп, дүйнө жүзү боюнча эң кирешелүү тасмалардын арасында 56-орунду ээлеген(чыккан жылы 7 орунда болгон).

75- Оскар тапшыруу аземинде "Мыкты визуалдык эффект" жана "Мыкты үн монтажы" наамдарына көрсөтүлгөн. Тасманын дүңгүрөгөн ийгилигинен соң, "Columbia Pictures" жана "Marvel" киностудиялары тасманын кийинки бөлүмдөрү 2004-жылы "Жөргөмүш адам 2" жана 2007-жылы "Жөргөмүш адам-3" тасмаларын тартып чыгарышкан.

Сюжети түзөтүү

Тартылгандар түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү