Жөөк салгыч – асма айыл чарба шайманы; алайдоо аянттарга, саздак жерлерге тереңдиги 2050 см, эни 10-25 смге чейин убактылуу жөөк салууга жана кайра тегиздөөгө арналган. Жөөк салгычтын негизги тетиктери: рама, канал казгыч, жөөк салгыч, тегиздегич, автоматтык илиништиргич, гидравликалык система, кыймыл өткөргүч механизм. КБН-0.35А маркасындагы жөөк салгыч пахта жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүн вегетация мезгилинде сугаруу үчүн жөөк салууда жана башка кеңири пайдаланылат. КМШ өлкөлөрүндө БН-300, КБН-0,35А жана башка маркасындагы жөөк салгычтар чыгарылган. Ал Т-28Х4М, МТЗ-80Х, «Беларусь» тракторлоруна чиркелет. Тетиктер трактордун кыймыл өткөргүч валынан иштейт. Саатына 5 кмге чейин жөөк салат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү