Жөө аскерлер
Жөө аскерлер - согушта душманды талкалоо, анын аймагын басып алуу жана өзүнүн аймагын коргоо үчүн дайындалган кургактагы аскер түрү. Ок атуучу жана башка курал-жарак колдонуп, аскерлердин башка түрү (танктык аскерлер, артиллерия) менен бирдикте жөө же күжүрмөн машиналарда согушат. жөө аскерлер КР армиясынын басымдуу бөлүгүн түзөт.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/a/a9/Infantry_patrol_during_Operation_Toan_Thang_II%2C_October_1968.jpg/160px-Infantry_patrol_during_Operation_Toan_Thang_II%2C_October_1968.jpg)
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5