Шарттары түзөтүү

Оюнчулардын саны 4—10 киши.

Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтча, талаа, спорттук бөлмө.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар экиден болушуп, катарга туруп оюндун шарты, оюн өткөрүлүүчү аралык жөнүндө сүйлөшүп алышат. Оюнчулардын теңи «атчандардын» ролун аткарышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулардын бирөөсүнүн буйругу боюнча оюнчулар «аттарын» минишип, аралыктан тез өтүүгө аракеттенишет, Андан кийин алар оюнду алмашышып улантышышат. Оюн 2—5 жолу кайталанышы мүмкүн. Аралыктан бат өткөндөрү жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Буйруктан мурда баштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, аралыктан толук өтпөй коюуга болбойт.

Оюндун тарбиялык мааниси түзөтүү

Күчтүүлүккө, ылдамдыкка көнүгөт. Оордуктарды көтөрүү, бир жерден экинчи жерге алып барууга, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү