Жөө туман
Жөө туман - жер бетин каптап түшкөн коюу туман. Түнкү муздоодон жер бетине жакын (бир нече мден ондогон м бийикке чейин) пайда болот. Жөө тумандын пайда болушуна рельефтин терс формалары (мисалы, дарыя өрөөндөрү, чуңкурчактар), саздуу жана башка жерлер ыңгайлуу шарт түзөт.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5