Заара айдама каражаттар — бөйрөктүн заара бөлүп чыгаруусун күчөтүүчү дарылар.

Аларга синтез жолу менен алынган түрдүү заттар кирет. Заара айдама каражаттар негизинен натрий иондору менен суунун бөйрөк түтүкчөлөрүндө кайра сиңирилишине тоскоол кылып, организмден ашыкча натрий иондорун жана аны менен байланышкан сууну чыгарууга жардам берет. Заара айдама каражаттар заара менен бирге башка иондордун (калий, хлор) чыгуусун күчөтөт. Организмден калий иондору ашыкча чыгып кетсе жүрөктүн иштеши начарлайт. Анын алдын алуу үчүн калийге бай тамак-аш (картошка, өрүк, сабиз) сунуш кылынат. Кээ бир өсүмдүктөрдүн (ак кайыңдын жалбырагы менен бүчүрлөрү, арчанын уругу, мөмө-жемиштер — жүзүм, шабдаалы, өрүк) заара айдоочу касиети бар. Заара айдама каражаттар негизинен денеде суюктук көбөйүп, ак шишик басуу менен коштолгон жүрөк, боор, бөйрөк ооруларында колдонулат. Жүрөк гликозиддери да заара чыгышын күчөтөт.

Заара айдама каражаттар дарыгердин сунушу боюнча гана колдонулат. Контролсуз ичкенде терс таасирлер пайда болот.

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8