Закарпатье
Закарпатье
- Украинанын батышындагы табигый аймак. Тиса дарыясынын алабында. Закарпатье ойдуңу (бийиктиги 120 м ге чейин) менен Украина Карпат тоолорунун этегин (бийиктиги 400 м ге чейин) камтыйт. Көп жери айдалып, дан жана техникалак өсүмдүктөр, жемиш багы, жүзүм өстүрүлөт. Айрым жерин эмен-граб токою ээлейт. Закарпатьеде Ужгород, Хуст, Мукачево шаары жайгашкан.
- Украинадагы Закарпатье облусунун расмий эмес аталышы.
Булактар
түзөтүү- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5